02:27
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

«Таза коом» борборун түзүүгө 100 миллион доллар сарпталат

«Таза коом» долбоорунун маалыматтарды тескөө борборун түзүүгө 100 миллион доллар сарпталат. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков «Таза коом» эл аралык жыйынында билдирди.

Ал долбоордун биринчи бөлүгү ишке ашкандыгын маалымдады.

«Биз азыр калкты тейлөө порталын ишке киргиздик. Жыл аягына чейин дагы аймактарда 435 калкты тейлөө борборлору пайда болот. Бул бизнестин жардамы менен ишке ашып жатат. Эмки жылы Дүйнөлүк банк менен келишим түзүп калсак 50 миллион доллар алабыз деген ниеттебиз. Маалыматтарды иргөө борбору ачылат. Ага 100 миллион доллар керек. Өкмөт 14,1 милллион доллар салышы күтүлөт», — деди Сапар Исаков.

Эң көп окулган жаңылыктар