03:05
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Жаңы президент Казакстандын жетекчиси Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүүгө даяр

Жаңы президент Казакстандын жетекчиси Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүүгө даяр. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков журналисттерге билдирди.

Президент бүгүн Минскде башталган ЖККУнун саммитинде казак лидери менен жолугушмакчы.

«Саммитте Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүү жүргүзүп, учурдагы кырдаалды талкууга алмакчымын», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Буга чейин президенттин аппараты Сооронбай Жээнбековдун Минскде эки тараптуу сүйлөшүүсү пландалбаганын маалымдаган. Андыктан Нурсултан Назарбаев менен мүмкүнчүлүк болсо гана баарлашуусу күтүлөт.

Эскерте кетсек, 10-октябрдан бери кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу ууналардын узун тыгыны жаралды. Казакстан текшерүүнү күчөтүп, унааларды жай өткөрүүдө. Андан тышкары, «Ак-Жол» чек ара бекетинен ары Кордай тарапка Казакстан кошумча блокпост орнотту.

Эң көп окулган жаңылыктар