11:07
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Алмазбек Атамбаев кыргыз элинен кечирим сурады

Мурдакы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн жаңы жетекчинин ишке кирүү аземинде кыргыз элинен кечирим сурап өттү.

Атамбаевдин айтымында, көптөгөн иштерди аткаруу жана аягына жеткирүү убакыт жетпей калды.

«Алты жыл көз жаздымда өтүп кетет экен. «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» деп көп нерселерди ишке ашыра алган жокмун. Андыктан кечирим сурайм. Мен ар дайым таза жашап, кудай алдында, өзүмдүн уятымдын алдында таза болууга аракет кылып келем» — деди президент.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев 2011-жылы 1-декабрда президенттик кызматка киришкен. Быйыл 15-октябрда жаңы шайлоо өтүп, Сооронбай Жээнбеков 54.77 пайыз добуш менен утуп алды.

Эң көп окулган жаңылыктар