05:30
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Сооронбай Жээнбеков Атамбаевге Кыргыз эл баатырын убадалады

Президент Сооронбай Жээнбеков инаугурация Алмазбек Атамбаевге мамлекеттик жогорку сыйлыкты ыйгарууну убадалады.

Ал кызматтан киришкенден кийинки алгачкы сөзүндө, мурдакы президентке ыраазычылык билдирип, анын көчүн улантууну убадалады.

«Таза өткөн шайлоо сиздин эмгегиңиз. Мен биринчи буйругум менен «Кыргыз Республикасынын баатыры» жана «Ак-Шумкар» орденин сизге ыйгарам» — деди ал.

Белгилей кетсек, 22-ноябрда Алмазбек Атамбаев өзүнүн эки кеңешчисине «Манас» орденин (II жана III даражасын) ыйгарды.  

Эң көп окулган жаңылыктар