18:23
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов кызматтан алынды

Бажы кызматынын төрагасынын орун басары, коомдо «Райым миллионнер» аты менен белгилүү Райымбек Матраимов кызматтан алынды. Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Райымбек Матраимовдун эмне себептен иштен алынганы такталбайт.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңеште Бажы кызматындагы маселелердин көпчүлүгү «Райым миллионнер» аркылуу чечилери айтылган. Акыркы жылдары ал өлкөнүн бай кишилеринин катарына кошулгандыгы айтылып жүрөт. 

Эң көп окулган жаңылыктар