15:33
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстан Казакстан жолун бууп жатканын БУУга маалымдады

Кыргыз-казак чек арасындагы ахыбал тууралуу БУУнун Башкы ассамблеясынын комитетинин жыйында айтылды. Бул тууралуу ТИМ маалымдайт.

Жыйында Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева 10-октябрдан бери Казакстан Кыргызстан менен чек арасында текшерүүнү күчөтүп, товар, унаа жана элдердин эркин жүрүүсүнө чектөө киргизгенин айтты.

Эскерте кетсек, Казакстан менен жүк ташуучу унаалар өтүүчү көзөмөл бекеттери — «Чоң-Капка» жана «Ак-Тилекте» дагы эле жүк ташуучу ууналардын узун кезеги турат.

Кырдаал боюнча Кыргызстан ЕАЭБ, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна дагы даттанган. Кечээ, 20-ноябрда  президент Алмазбек Атамбаев жыйынтыктоочу маалымат жыйынында Россиянын президенти Владимир Путин менен дагы кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал талкуулангандыгын айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар