Президент Алмазбек Атамбаев бүгүнкү жыйынтыктоочу маалымат жыйында журналистке кол саатын тартуулады.
Жыйында «Де-факто» гезитинин редактору Амантур Мусагулов, Атамбаевге түшүн айтып берди.
«Түшүмдө мен сиздин саатыңызды тагып жүрүптүрмүн» — деди ал.
«Иним дагы жакшы күрмөмдү сурабадың» — деп, өлкө башчысы саатын чечип берди.
Алмазбек Атамбаевдин жыйынтыктоочу маалымат жыйынына 140 журналист катышты. Маалымат жыйын эки саатка уланды.