12:19
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Эртең Бишкекте мөөнөтүнөн эрте төрөлгөн балдардын күнү белгиленет

Эртең Бишкекте мөөнөтүнөн эрте төрөлгөн балдардын күнү белгиленет. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун мөөнөтүнөн эрте төрөлгөндөр бөлүмүнүн башчысы Сагын Абдувалиева билдирди.

Иш чарага ата-энелер мөөнөтүнөн эрте төрөлгөн балдары менен катышат.

«Биз эрте төрөлгөн балдарга кам көрүү жана бул жааттагы технологиялык жетишкендиктер боюнча айтып беребиз. Ата-энелер дагы өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшөт», — деди Сагын Абдувалиева.

Анын маалыматында, жыл ичинде өлкөдө төрөлгөн 160 миң баланын 7-8 пайызы айына жетпей жарык дүйнөгө келет.

 
Эң көп окулган жаңылыктар