19:04
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстанда «Инкар-Йакын» агымынын өкүлү кармалды

Кыргызстанда «Инкар-Йакын» агымынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы маалымдайт.

ИИБсынын билдирүүсүндө, ал 20-октябрда Беловодск айылындагы мечиттердин биринде «Инкар-Йакын» агымынын курултайында кармалды. 47 жаштагы К.Н. Индия жана Бангладешке барып, агымдын жылдык жыйындарына катышып келген.

«Ал 2003-жылдан бери бул агымдын аалымдарынын китептерин кыргыз тилине которуп баштаган. Ал 20дай китепти которгон. Ал муфтиятты «Таблиг жамаат» кыймылынын саясаттанышына каршы сын пикир айтып келген. Анын эки аялы, 12 баласы бар. «Инкар-Йакын» кыймылынын өкүлдөрүнүн балдары мектепке барышпайт, эмдөөдөн өтпөйт», — дейт Чүй ИИБсы.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума