13:51
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Сооронбай Жээнбеков: Парламентти таркатууга себеп жок

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков азырынча Жогорку Кеңештин таркатууга себеп жоктугун билдирди. Ал бул боюнча Россиянын «Новости» маалымат агенттигине берген маегинде айтты.

Анын пикиринде, парламенттик шайлоо жарыялоо үчүн олуттуу себеп жана саясый келишпестиктер курч болушу керек. Андан тышкары Сооронбай Жээнбеков өткөн жылдагы Конституциялык реформаны колдорун, президенттин азыркы ыйгарым укуктары менен канааттанарын жана Сапар Исаковдун өкмөтү менен иштешүүгө даярдыгын айтты.

«Жаңы өкмөттө жаш адистер бар. Алар реформаларды жүргүзүүгө багыт алышты. Биздин топ иштегенди билет», — деди ал.

Сооронбай Жээнбеков 24-ноябрда кызматына киришет.

Эң көп окулган жаңылыктар