22:21
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Прокуратура соттон Райкан Төлөгөновду 15 жылга эркинен ажыратууну сурады

Жогорку Кеңештин мурдакы чакырылышынын депутаты Райкан Төлөгөновго козголгон кылмыш иши боюнчча соттук териштирүү уланууда. Бүгүн сотто жарыш сөз башталды.

Мамлекеттик айыптоо Райкан Төлөгөновдун күнөөсү толук далилденди деп эсептейт.

Прокурор Бакыт Доктурбеков соттолуучуну 15 жылга катуу тартиптеги түрмөгө кесүүнү суранды. Андан тышкары доочулардын материалдык чыгымын канаттандыруу үчүн үй-мүлкүн конфиякациялоону сунуштады.

Мамлекеттик айыптоо жазаны жумшартуучу жагдай катары Райкан Төлөгөновдун буга чейин соттолбогонун жана жаш курагын эске алууну өтүндү. Соттолуучу азыр 65 жашта.

Эскерте кетсек, Райкан Төлөгөнов кылмыш кодексинин үч беренеси менен 2010-жылдын 7-апрелиндеги мародерлукту уюштурууга айыпталат.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби