00:48
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Сапар Исаков казак-кыргыз чек арасындагы көйгөйдү ЕАЭБтин жыйынында козгоду

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы учурдагы маселени премьер-министр Сапар Исаков Ереванда өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешмесинде көтөрдү. 

Ал Казакстан бул маселелердин баарын чечерине ишеним артты.

«Бирок, бул жерде бул маселелер болушу керек беле жана ал биздин өнөктөштүк мамилеге жана кол койгон келишимдерге канчалык туура келет деген суроо жаралат. Кыргыз-казак чек арасындагы маселе толугу менен чечилбей турат. Казак боордошторубуз бизди түшүнүп, кырдаалды жөнгө салат деп ойлойбуз», — деди  Сапар Исаков.

Сапар Исаков Кыргызстандын жүгү чек арада көпкө кармалып турушу макулдашууларга каршы келерин белгиледи. 

Эскерте кетсек, Казакстан менен Кыргызстан 18-октябрда макулдашкан жол картасына кечээ кол койгон жок. Казакстан дагы эле чек арасы аркылуу Кыргызстандан барган жүк ташуучу ууналарды өткөрүүдөн баш тартууда. 

Эң көп окулган жаңылыктар