15:16
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу аракети боюнча билдирүүнү текшерүү сунушталууда

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кесиптеши Кайрат Осмоналиевдин билдирүүсүн текшерүү сунушу менен Башкы прокуратурага кайрылат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Боршайкомдун мүчөмү Гүлнара Журабаева билдирди.

Кечээ Кайрат Осмоналиев журналисттерге 15-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн БШКнын айрым мүчөлөрүн акчага сатып алуу аракети көрүлүп жаткандыгын айткан.

«Бул чагымчылдык. БШКнын атын жамандоо аракети болуп жатат. Башкы прокуратура текшериш керек», — деди Гүлнара Журабаева.

Эң көп окулган жаңылыктар