«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев шайлоодон талапкерлигин алып салды. Бул тууралуу ал Жалал-Абадда шаарында эл менен жолугушууда билдирген.
Партия лидеринин айтымында, ал Боршайкомго дагы арыз жолдогон.
Бакыт Төрөбаев Өмүрбек Бабанов менен тандемде шайлоого катышууда. Өмүрбек Бабанов шайлоону утса, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери премьер-министрлик орунду ээлейт.
Буга чейин Камчыбек Ташиев Сооронбай Жээнбековдун пайдасына талапкерлигин алып салган. Эми бул экөөнүн тең аты-жөнү добуш берүү бюллютенинен колдо чийилет.