13:23
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Темир Сариев эч кандай кызмат орун үчүн соодалашпаганын айтты

Президенттикке талапкер Темир Сариев эч кандай кызмат орун үчүн соодалашпаганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүнкү брифингде билдирип, дагы бир талапкер Сооронбай Жээнбеков менен тандем боюнча сөздөрдү четке какты.

Темир Сариев Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Адахан Мадумаров жана Улукбек Кочкоров менен жолугушканын айтып, бирок сунушталган кызмат орундарды ачыктаган жок.

Темир Сариев шайлоо учурунда административдик ресурстан дагы добушту сатып алуудан коркорун айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар