04:29
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Илим Карыпбеков талапкердин КТРКнын эфиринен баш тартуу чакырыгына жооп берди

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков президентикке талапкер Бакыт Төрөбаевдин коомдук каналдын эфиринен баш тартуу чакырыгына жооп берди. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.

Эскерте кетсек, Бакыт Төрөбаев КТРК анын кадыр-баркына доо кетирген, каралаган жана такталбаган материалдарды кетирип жатканын айтып, сотко кайрыларын билдирген. Ал башка талапкерлерди дагы КТРКнын эфиринен баш тартууга чакырган.

Илим Карыпбеков талапкерге анын шайлоо укугу бузулган боюнча мыйзам чегинде иш алып барып, сотко кайрылууга сунуштайт. Анын билдирүүсүндө Бакыт Төрөбаев азырынча сотко кайрыла элек.

«Мыйзам чегинде сүйлөшүүнүн ордуна сиздин тарапташтарыңыздар мыйзамдан тышкары жолдор менен таасир берүүгө аракеттенип жатышат. КТРКга жана башкы директорго каршы митинг уюштурабыз деген коркутуулар айтылууда», — деп жазат Илим Карыпбеков.

Илим Карыпбеков отставкага кетпей тургандыгын, шайлоонун аягына чейин өз пландарын ишке ашырууга даяр экендигин кабарлайт.

Эң көп окулган жаңылыктар