17:50
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Сөз эркиндиги комитети: Журналист Сапановдун камалышы кооптуу кырдаалга түртөт

«Сөз эркиндигин коргоо комитети» журналист Зулпукар Сапановдун камалышы боюнча билдирүү жасады.

Анда Биринчи май райондун сотунун өкүмү өтө катаал болуп, коомдогу мамилени кооптуу кырдаалга түртөрү айтылат.

«Сапановдун камалышы өлкөдөгү диний мамилелерди ого бетер ырбатышы мүмкүн. Андан тышкары башкалар үчүн ал өтө терс, коркунучтуу үлгү болот» — деп айтылат.

Эскерте кетсек, журналист Зулпукар Сапановдун «Кыдыр Санжырасы» китебине диний аалымдар арызданып, УКМКга кайрылышкан. Иш козголуп, 12-сентябрда Биринчи май райондук соту аны диний кастыкты күчөтүү аракети үчүн төрт жылга эркинен ажыратты.

Автордун айтымында, ал китепте кыргыз санжырасына жана диний ишенимине токтолгон.

Эң көп окулган жаңылыктар