Жогорку Сот имаратынын алдында ок менен кармалган аялы боюнча түшүндүрмө берди.
Маалыматта аял 8-сентябрда кармалгандыгы айтылат. Ал буга чейин дагы соттук отурумга катышкан. Анын баштыгынан 7,62 калибрдеги ок алынган.
«Аялдын айтымында, ал окту тумар катары алып жүрөт», — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин Бишкек шаардык ИИБсы Жогорку Соттун имаратына кирүүгө аракеттенген Донбасстын көзгөатар мергенчи кармалгандыгын маалымдаган.