08:31
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Садыр Жапаровдун уулу да соттолду

Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаров төрт жылга шартуу кесилди. Ага ушундай эле жаза мөөнөтүн алган Анарбек Бейшебеков, Улан Юсупов, Айдынбек Шамшидин уулу, Байгазы Казиев, Жаныбай Жеңишбеков жана Адылбек Исаев менен бирге бир жыл сыноо мөөнөтү коюлду.

25-мартта митингде кармалгандардын дагы үчөө Калыбек Жапаров, Абдыманап Бегишев жана Эркланбек Тагаев төрт жылга, бирок күчөтүлгөн тартиптеги түрмөгө камалат.

Соттолгондордун ичинен эң узак мөөнөттүү өкүм Чыңгызхан Кожогелдиевге чыгарылды. Ад 8 жылга эркинен ажыратылды.

Ал эми Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр Жапаров, митингде эмес, ИИБда кармалгандыктан ал бошотулду. 

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-мартында УКМКнын алдындагы митингде Садыр Жапаровдун 12 тарапташы кармалган. Аларга башаламанлык, мамлекеттик мүлккө зыян келтирүү айыбы тагылган.

 
Эң көп окулган жаңылыктар