01:15
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Алмазбек Атамбаев: Административдик эмес, финансалык ресурстардан коркуш керек

Президент Алмазбек Атамбаевдин пикиринде, административдик эмес, финансалык булактарды колдонгон талапкерлер кооптуу. Бул тууралуу өлкө башчысы бүгүн Бишкек шаарындагы жылуулук станциясынын оңдоп, жаңылоодон кийинки ачылуу аземинде билдирди.

Анын айтымында, мисалы үгүттөгөн мектептин, же Жылуулук станциясынын директору шайлоочу менен бирге добуш берүү жайына кирбейт. Ал эми акча кире алат. 

«Шайлоо таза өтөт. Эл кимге добуш берсе, ошол жеңет. Канча коом шайлоого даяр эмес дешпесин, мен жетекчилерди калк тандап алышы керек деп эсептейм», — деди Алмазбек Атамбаев.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума