05:16
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Келдибеков эки күн ичинде соттолгондугу алынып салынгандыгын далилдеши керек

«Ата-Журт» партиясынын теңтөрагасы Акматбек Келдибеков 31-августка чейин соттолгондугу алынып салынгандыгын далилдеши керек. Бул тууралуу бүгүн брифингде Боршайкомдун төрагасы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, башында шайлоого катышуу үчүн арыз бергендердин тогузу кайра кайрып алса, 26сын БШК каттоодон баш тарткан. Акматбек Келдибековдун соттолгондугу текшерилүүдө. 

Жети талапкердин чогулткан колдору текшерүүдөн өттү. Өмүрбек Текебаевдин чогулткан колдору талапка жооп бербегендиктен, толугу менен мыйзамсыз деп табылды. Дагы 16 жарандын атына топтолгон колдор текшерүүдө. 

Азырынча төрт талапкер гана күбөлүккө ээ. Президентти шайлоо 15-октябрда өтөт. 

Эң көп окулган жаңылыктар