02:48
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Укук коргоочулар бийликтен көз карандысыз медиага куугунтукту токтотууну суранат

Укук коргоочулар Жогорку Кеңештин депутаттарына «Сентябрь» телеканалынын жабылышы боюнча кайрылуу жолдолу. Анда телеканалга каршы козголгон ишти карап чыгып, соттун чечиминин мыйзамдуулугун текшерүүнү суранат.

Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн айтымында, санариптик телеканалды жабуу чечиминин шашылыш чыгарылышы бүтүмдүн мыйзамдуулугуна күмөн жаратат. Аны менен өлкө жарандарынын альтернативдүү булактардан маалымат алуу мүмкүнчүлүгү чектелип, көз-карандысыз медиага саясый куугунтук жүрүп жатканын көрсөтөт.

«Бийлик бул аракети менен «ЖМК» жөнүндөгү мыйзамды бузууда. Ага ылайык редакция жана медианын негиздөөчүсү түз эфирге чыккан маалыматтар үчүн жооптуу эмес» — деп айтылат.

Эскерте кетсек, 22-августта Биринчи май райондук соту Башкы прокуратуранын арызын колдоп, каналды жабуу чечимин кабыл алат.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын мурдакы жетекчиси Абдылда Капаровдун «Жалал-Абад Сентябрь» телеканалына 2016-жылдын 29-сентябрында чыккан билдирүүсүн экстремисттик деп таап сотко кайрылган. Ал анда Араван районунда бир мектептин ачылышында Өзбекстандын гимни ойнолгондугуна сын айткан. Андан сырткары, маегинде Абдылда Капаров «Сооронбай Жээнбеков менен Асылбек Жээнбеков 2010-жылы июнь окуяларын турукташтыруу үчүн 3 миллион доллар бөлгөн»- деп айткан.

Бүл сөзү үчүн Абдылда Капаров 4 жылга эркинен ажыратылып, учурда Нарын шаарындагы түрмөдө мөөнөтүн өтөөдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума