Президентикке ат салышкандын экөө кыргыз тилинен сынакты кайра тапшырышты. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улутутук комиссия билдирет.
Аскарбек Абышев менен Советбек Абыкулов 15-августта сынак тапшырышып, экөө тең аз балл алып калган.
18-августь күнү алар кайра "Кыргызтесттен" өтүп, Аскарбек Абышев 60,45 балл, Советбек Абыкулво 60,54 балл алды. Комиссиянын билдирүүсүндө, Шайлоого ат салышкандардын кыргыз тилинин деңгээлин аныктоо жобосунун 5 бөлүгүнүн 36 пунктуна ылайык сынакты кайра тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар.
Тесттин жыйынтыгы боюнча нараазы талапкерлер комиссияга арыз менен кайрылуусу керек.
Эскерте кетсек, президентикке ат салышып жатканадардын бешөө сынактан өтпөй калган.