05:43
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Президентикке ат салышкандын экөө кыргыз тилинен сынакты кайра тапшырышты

Президентикке ат салышкандын экөө  кыргыз тилинен сынакты кайра тапшырышты. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улутутук комиссия билдирет. 

Аскарбек Абышев менен Советбек Абыкулов 15-августта сынак тапшырышып, экөө тең аз балл алып калган. 

18-августь күнү алар кайра "Кыргызтесттен" өтүп, Аскарбек Абышев 60,45 балл, Советбек Абыкулво 60,54 балл алды. Комиссиянын билдирүүсүндө, Шайлоого ат салышкандардын кыргыз тилинин деңгээлин аныктоо жобосунун 5 бөлүгүнүн 36 пунктуна ылайык сынакты кайра тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар.

Тесттин жыйынтыгы боюнча нараазы талапкерлер комиссияга арыз менен кайрылуусу керек. 

Эскерте кетсек, президентикке ат салышып жатканадардын бешөө сынактан өтпөй калган.

Эң көп окулган жаңылыктар