«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдакы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновго кечээ кечки саат 8.00дө өкүм угузулду. Сот Айбек Эрнис уулу экөөн тең сегиз жылга эркинен ажыратты. Анда тышкары, прокурорлор талап кылгандай мүлкү конфискацияланып, кийин үч жыл бою мамлекеттик кызматты ээлей алышпайт.
Өкүм менен бирге сот БУУнун 65-жылдыгына карата мунапыс колдонгондугун билдирди. Айбек Эрнис уулунун айтымында, жаза өтөө мөөнөтү кыскартылды. Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотонов 4 жыл алты ай түрмөдө олтурушат.
Белгилек кетсек, тергөө жана соттук териштирүүнүн жүрүшүндө өкүм чыккан күнгө чейин камоодо олтурган ар бир күн эки күнгө барабар. Соттолгондордун экөө тең 26-февралдан бери УКМКнын абагында олтурушат.
Алардын жактоочулары шаардык сотко даттанарын жарыялашты.
Эскерте кетсек, «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Леонид Маевскийден 2010-жылы «Мегаком» компаниясынын акциясын убадалап, 1 миллион доллар алган деп айыпталган. Саясатчынын шериги катары мурдакы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновго дагы «Коррупция» беренеси менен иш козголгон.