03:14
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Текебаевдин соту. 12-13-майда убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн кимиси кайда болгон

Биринчи май райондук сотунда «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдакы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновдун иши уланууда. Кечээ эки тараптын жарыш сөзү башталган. Прокурор, Дүйшөн Чотонов жана анын жактоочулары сөз сүйлөшкөн. Партия лидеринин сөзү бүгүн дагы уланууда.

Өмүрбек Текебаев кылмыш ишиндеги башкы күн-13-майга токтолуп, күн тартибин маалымдады.

13-май. саат 8.00дө Өмүрбек Текебаев азыр өкмөт жайгашка имараттагы иш бөлмөсүнө келет. Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн кыска чогулушу өтөт.

9.00дө «Хайятт» мейманканасына жөнөп кетет. Ал жерде тегерек стөлдү өтүп, Өмүрбек Текебаев эл аралык уюмдар, донорлор, саясатчылар жана убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева катышкан жыйынды алып барат. Бул күбөлөр — Аида Салянова, Калысбек Боронов, Жоомарт Сапарбаев тарабынан ырасталды.

13.30 Отелден чыгып, түштөнүүгө Баетов көчөсүндө жайгашкан үйүнө барат.

14.00 Роза Отунбаеванын иш бөлмөсүндө убактылуу өкмөттүн чукул жыйыны башталат. Түштүктөгү кырдаалды талкууга алган чогулушка Дүйшөн Чотонов дагы 16.00гө чейин катышат. Кийин ал Жалал-Абадда учуу үчүн абамайданга жөнөп кетет.

«Эми силер «Текебаев бул жыйындан башка жерде да болгон. Мисалы, Эркебаевдин көрсөтмөсү боюнча аксакалдар менен жолугушкан» — деп айтып жатпайсыңарбы. Ал күнү түштүктүн аксакалдары менен жолукканбыз. Бирок, болгону 10-15 мүнөткө. Ал жыйын Отунбаеванын бөлмөсүнүн жанындагы чарчы залда болгон. Биз Роза Отунбаева экөөбүз чыгып, мурда пландалган жолугушуу болгондуктан саламдашып, Абдыганы Эркебаевдин өзүнүн алып баруусун суранып, чыгып кеткенбиз»- деп билдирди.

17.00 чукул жыйын аяктайт.

17.40да Өмүрбек Текебаев «Ак-Кеме-Пинара» мейманканасында өткөн конституциялык кеңешмеге келип, ал жерде түнкү 21.00гө чейин болот.

21.00 Өкмөт үйүндө убактылуу өкмөт кайра Жалал-Абаддагы кырдаалды талкуулап, ал жакка жөнөп кеткен Чотонов менен Исаковдон кабар күтүшөт. Исмаил Исаков саат 23.00дө телефон чалып, маалымдайт.

24.00дө Өмүрбек Текебаев үйүнө жөнөйт.

«Өтө татаал күн болгон. Менде «Супарага» барганга убактым дагы, мүмкүнчүлүгүм дагы жок болчу» -деди Өмүрбек Текебаев.

Ал 12-майда кайда болгондугун дагы эскерип өттү. Партия лидеринин айтымында, 12 майда эски аянтка эл топтолуп баштаганда, ал тарых музейинде 7-апрель баатырларына арналган көргөзмөгө катышкан.

«12-майда Бакиевдин кишилери аянтка чыккан. Биз алардан коркпой этпей эле Роза Отунбаева менен бирге музейде болгонбуз. Андан кийин 7-апрелде курман болгондордун кырк күндүгүнө карата куран окутуп, Апрель баатырларына салынып жаткан үйдүн пайдубалынын куюлушуна катышканбыз. Түштөн кийин Апрель баатырлары келип баштаганда Бакиевдин тарапташтары качып кетишкен» — деди ал.

Мамлекеттик айыптоо Өмүрбек Текебаевди 10 жылга, Дүйшөн Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратууну, үй-мүлкүн тартып алып, үч жылга мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салууну суранууда.

Эскерте кетсек, «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Леонид Маевскийден 2010-жылы «Мегаком» компаниясынын акциясын убадалап, 1 миллион доллар алган деп айыпталууда. Саясатчынын шериги катары мурдакы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновго дагы «Коррупция» беренеси менен иш козголгон. Экөөн тең УКМКнын абагында кармалууда. Леонид Маевский өзү келип, сотто көрсөтмө берген.

Эң көп окулган жаңылыктар