18:05
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Боршайком Текебаевди мамлекеттик тил сынагына катыштыруу маселесин чече албайт

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу бүгүн үч сааттай олтуруп, Өмүрбек Текебаевдин мамлекеттик тилден сынакка катыштыруунун жол-жобосун талкуулашты.

Белгилей кетсек, БКШга «Ата Мекен» лидеринин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү УКМКнын абагында олтурган талапкерди кыргыз тилинен сынак тапшырууга жол ачуу сунушу менен кайрылган.

Жумушчу топ көпчүлүк добуш менен БШКнын бул маселени чечүүгө ыйгарым укугу жоктугун билдирген чечим кабыл алды.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев биринчилерден болуп президентик шайлоого катталуу үчүн арыз жолдогон. Ал сынакты 26-июлда тапшырмак.

Эң көп окулган жаңылыктар