Мамлекеттик беш ишкана сатыкка коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду маалымдайт.
«Идеал Хаус» толук курулуп бүтө элек имарат, «Мансард» коттеждик үйү жана жүргүнчүлөрдү ташыган үч ишкана: «Транс Союз Азия», «ВАСО» жана «Азамат».
Буга чейин Кара-Балта спирт заводуна дагы аукцион жарыяланган. Аукцион 14-августта өтөт.