«Өнүгүү» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин эки үйү бар болгону менен жеке унаасы жок. Бул тууралуу депутаттын Мамлекеттик кадрдык кызматында жарыяланган декларациясында көрсөтүлгөн.
2016-жылы Бакыт Төрөбаев 843 миң 961 сом иштеп тапкан. Жакындары негизги жумушунан 102 миң 560 сом, дивиденттерин сатуудан 27 миллион 91 миң сом иштешкен.