01:54
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Кыргызстандагы этникалык өзбектер Мирзиёевден колдоо сурашууда

Жалал-Абаддагы өзбек жаштарынын «Бегайым» коомдук-адабий фондунун мүчөлөрү Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевге ачык кат жолдоп, кыргыз-өзбек мамилесин жандантуу маселесин көтөрүштү. 18-июлда социалдык тармактар аркылуу жарыяланган кайрылууда эки өлкө ортосундагы чек ара өткөрүү пункттары катаал тартипте иштеп жатканы тууган-уруктардын ары-бери каттоосуна кедергисин тийгизип жатканы айтылат. 

Сentralasian порталынын маалыматында, бул жагдай Өзбекстандан адабий китептердин, гезит-журналдардын келишине тоскоол жаратып, Кыргызстандагы өзбек тектүү калктын агартуучулук ишине да терс таасир тийгизе баштаганы белгиленет.

Ачык катта чет мамлекеттердеги этникалык өзбектерди унутта калтырбоо өтүнүчү келтирилип, бул жаатта кыргыз бийлиги жасап жаткан иштер мисал катары көрсөтүлгөн. Анда өкмөт башка өлкөлөрдөгү этникалык кыргыздарга көңүл бурууну жандантканы айтылат. Ошондой эле жогорку окуу жайларда Өзбекстандагы кыргыздар үчүн орундар бөлүнгөнү белгиленип, Өзбекстандагы университеттерден деле сырттагы өзбектерге орун ажыратуу суралган.

Кайрылуу ээлери кыргызстандык өзбек жаштары улуттук адабият өкүлдөрүн тааныбай өсүп жатканына тынчсызданышууда.

Өзбекстан 2010-жылы Кыргызстан менен чек ара өткөрүү пункттарында тартипти катаалдаштырган. 2013-жылдан тарта тууган-уруктар бири бирине телеграмма аркылуу гана каттап калган. Жарандар мурда бардык чек ара пункттарынан өтүп жүрсө, азыр Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында бирден гана ири өткөрүү пункттары аркылуу катташат. Мындан улам соңку жылдары эки өлкөдөн бири бирине кыз узатып, келин алуу салттары биротоло токтогон. Мурда тигил же бул мамлекетке келин болгондор арасында жакын туугандары, ал тургай ата-энеси кайтыш болгондо топурак салганы бара албай калгандар акыркы жылдары көбөйгөн.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда бир канча жыл муздап турган карым-катыш 2016-жылдын күзүндө, Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден соң жандана баштаган. Маданий алакалар жанданып, чек араны тактоо иштери бат-баттан уюштурулууда. Бирок чек ара пункттары качан толук ачылары азырынча белгисиз.

Кыргызстанда өзбек тектүүлөр өлкө калкынын 14 пайызын түзөт. Негизинен Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында отурукташкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби