Президентикке ат салышкандардын катарына дагы эки аял кошулду.
Алардын бири 64 жаштагы, «Улуу чындык» коомдук фондунун жетекчиси Токтобүбү Таласбаева. Ал өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары катышат.
56 жаштагы Дамира Токтосунова дагы БШКга документтерин тапшырды.
20-июлга карай Боршайкомго 32 жарандан шайлоого катталуу үчүн арыз келип түштү.