07:43
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Президенттик шайлоого 670 миллион сом сарпталат

Президенттик шайлоонү өткөрүүгө 670 миллион сомдон ашык каражатты сарптоо пландалууда. Бул тууралуу 11-сентябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтылды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын билдирүүсүндө, бул сумманын 538 миллион сому биринчи айлампага, калганы зарыл болсо экинчи айлампага жумшалат.

БШК башчысы Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоочулардын акыркы тизмесин 5-октябрга чейин жарыялай тургандыгын кошумчалады. Ал ошондой эле добуштарды саноонун программасы жакшыртылганын жана тестирлөөдөн өткөндөн кийин ал коомчулукка, талапкерлерге, алардын өкүлдөрүнө, көз карандысыз эксперттер менен ММК өкүлдөрүнө тааныштырыла турганын белгиледи:

Өлкөдө президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар