13:41
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Шайлоо-2017. Талапкерлердин кимисине күрөөгө койгон миллиону кайтарылбайт?

Талапкер катары катталбай калгандарга дагы миллион сомдук күрөө кайтарылбайт. Бул тууралуу «24.kg» агентигине «Демократия жана жарандык коом» коалициясынын төрайымы Динара Ошурахунова билдирди.

Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлер менен жолугушуу учурунда 30 миң кол топтой албагандарга күрөө кайтарылбастыгын маалымдаган.

«Бул тууралуу жолугушууда БШКнын мүчөсү Адилет Сатыгулов айткан. Бул туура эмес. Анткени мыйзам боюнча шайлоого катталып, 5 пайыздан аз добуш алгандардыкы гана кайтарылбайт. Негизине ал акча бюджет дагы түшпөйт. Биз бул боюнча көптөн бери айтып келе жатабыз. Шайлоого катталбай калгандарга кайтарылышы зарыл», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар