06:56
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Абдумажит Юсуров: Алдыдагы шайлоодо Сооронбай Жээнбеков фаворит болот

Парламенттеги «Ɵнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Абдумажит Юсуров 2017-жылдын 15-октябрында ɵтүүчү президенттик шайлоого байланыштуу ɵз оюу менен бɵлүшүп, кайсыл талапкердин жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору экендиги боюнча кɵз-карашын билдирди.

— Абдумажит Лелезович, кандай ойлойсуз, бүгүнкү күндɵ алдыдагы президенттик шайлоонун анык фаворити ким болуп атат?

— Анык фаворит ɵкмɵт башчысы Сооронбай Жээнбеков болот, анткени, аны эл колдоп атат, эл арасында ал тууралуу жаман пикирлер жок. Ал ɵзүнүн сапаттары менен алдыдагы шайлоодо жалгыз күчтүү талапкер болууда.

Белгилей кетейин, ал практик эмес, а теоретик. Мыкты чарбачыл адам. Жетекчи катары аябай жоопкерчиликтүү адам экенин кɵрсɵтɵ алды.

Ал ɵкмɵт башчысы болуп иштеп турганда чечкен айрым маселелерге токтолуп кетейин. Түштүк аймактагы чек ара маселелерин активдүүлүк менен чечүүгɵ жетишти, ал тараптан бул маселеде туура тактика тандалып алынды. Мындан сырткары, ал социалдык маселелерди чечүүгө багытталган саясат жүргүзүүдɵ. 

Эң башкысы, бир да коррупциялык иштерде анын аты-жɵнү аталбайт. Сооронбай Жээнбеков коррупцияга аралашпаган жана талапкерлердин ичинен жалгыз аты булганбаган адам.

— КСДПнын Сооронбай Жээнбековду бирдиктүү талапкер катары кɵрсɵткɵнүнɵ кандай карайсыз?

— КСДПнын Сооронбай Жээнбековду тандоосун эң туура чечим деп эсептейм. Себеби, анын артыкчылык берген оң сапаттары кɵп. Ал такыр популист эмес. Саясаттагы жана аткаруу бийлигинде тажрыйбасы аябай чоң. Мамлекеттик башкаруу кызматтарынын бардык тепкичтерин басып ɵткɵн, бардык кɵйгɵйлɵрдү жакындан, ичтен билет.

— Сиздин оюңузча, шайлоо бир тур менен бүтɵбү? Же экинчи тур болушу ыктымалбы?

— Экинчи турдун болуусун жокко чыгарууга болбойт, анткени, талапкерлер кɵп, анын үстүнɵ саясый конфигурацияны ɵзгɵртүүгɵ алып келчү саясый процесстер болуп жатат.

Бирок, азырынча экинчи тур жɵнүндɵ сɵз кылуу эртелик кылат. Биринчи тур менен эле шайлоо бүтүшү да мүмкүн. Жогоруда айткандай, талапкерлер кɵп, балким, бир талапкердин пайдасы үчүн кɵп талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартышса керек.

— Кээ бир партиялар башка талапкерлердин пайдасы үчүн ɵздɵрүнүн талапкерлигин жарыштан алып салышы мүмкүнбү?

— Айрым партиялар ɵз талапкерин КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбековдун пайдасы үчүн алып салууларын күтсɵк болот. Азыр конфигурациялар ɵзгɵрүлүп, биригүүлɵр жүрүп атат. Андыктан мындай кадамдар күтүлөт.

Айрым талапкерлердин Сооронбай Жээнбековду колдоого алышарынан шегим жок. Азырынча бул тууралуу айтууга эрте, бирок бул боло турган нерсе.

Саясий процесстер уланып жаткандыктан, ар кандай өзгөрүүлөр күтүлөт. Кээ бир талапкерлер ɵздɵрүнүн дараметтерин ɵлчɵп кɵрүшкɵн соң КСДПнын лидерин колдоого алышары дагы бышык. Бул менимче, мыйзам ченемдүү саясый процесстер.

— Эл Сооронбай Жээнбековду колдойбу?

— Ооба, эл аны аябай колдоп атат. Анын себеби, С. Жээнбеков социалдык багытталган саясатты жүргүзүүдɵ. Экинчиден, эл арасында ага карата кээ бир талапкерлерге болгондой терс мамиле жок. Бул аны алдыдагы шайлоодо талашсыз фаворитке айландырууда.

— Кандай дейсиз, шайлоо тынч ɵтɵбү?

— Ооба. Бул жаңы технологиялар жана биометрикалык маалыматтарды пайдалануу менен ɵтүп жаткан алгачкы президенттик шайлоо. Бул шайлоо жыйынтыгын бурмалоого жол бербейт. Ошондуктан шайлоо тынч ɵтүшү керек.

Эң көп окулган жаңылыктар