23:32
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргыз жарандары Индиянын университеттеринде бекер билим ала алат

Кыргызстандын жарандарына жыл сайын Индиянын жогорку окуу жайларында акысыз билим алуу үчүн 4 орун бөлүнөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илими министрлиги билдирди.

Толук маалымат http://a2ascholarships.iccr.gov.in порталында жеткиликтүү.

Стипендиялык программага катышууну каалагандар онлайн каттоодон өтүшү керек.

Талапкерлер толтурулган арыздын көчүрмөсү менен бирдикте бардык жүктөлгөн документтердин көчүрмөлөрүн Индиянын Бишкектеги элчилигине жөнөтөт. 

Тандоодон өткөн талапкерлерге авиабилет жана стипендия берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар