31-июлда президенттикке ат салышууну каалагандардан арыз алуу токтотулат. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.
1-августтан тарта шайлоого катышууга бел байлагандар 40 миңден кем эмес кол топтоп, шайлоо күрөөсүн төгүп, мамлекеттик тилден сынак тапшырат.
Шайлоого катышуу үчүн 29 талапкерден арыш түштү. Шайлоо үгүтү 10-сентябрда башталат.