00:34
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Шайлоо-2020. Шайлоочу катталган жеринен тышкары дагы добуш бере алат

4-октябрда Кыргызстанда өтө турган парламенттик шайлоодо жарандар катталган жеринен тышкары дагы добуш бере алат. Бул тууралуу БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов 24.kg агенттигине түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, добуш берүү күнүнө 15 күн калганда, шайлоочу № 2 форма боюнча арызын тапшырышы керек. Ал шайлоо участогуна тиркелип, добуш бере алат.

«Мисалга, сиз Бишкекте турасыз, бирок шайлоо күнү Ошто болуп кала турган болсоңуз, анда сиз шаардагы бардык шайлоо участкасына барып арыз тапшырсаңыз болот, ошондой эле сиздин конституциялык укугуңуз дагы бузулбайт», — дейт Абдыжапар Бекматов.

Шайлоочулардын тизмеси даяр. 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган шайлоого 3 миллион 429 кыргызстандык катыша алат.

Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт иштери 4-сентябрда башталаарын партияларга эскертти. 20-августка чейин саясий уюмдар курултай өткөрүп, депутаттыкка талапкерлердин тизмесин түзүшү керек. Ошондой эле тизмелер квотанын талаптарына ылайык түзүлүшү абзел.

Эске сала кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону өткөрүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар