05:30
USD 88.36
EUR 95.26
RUB 0.96

Боршайкомдун бюджетин 100 миллион сомго көбөйтүү сунушталууда

Боршайкомдун бюджетин 100 миллион сомго көбөйтүү сунушталууда. Бул боюнча сунуш бүгүн  Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында каралды. 

Боршайком быйылкы жылдын планында референдум жана үч шаардык кеңешке кайрадан уюштурулган шайлоолор кирбей калдыктан бюджетке кошумча каражат сурап жатат. 

«Ага ылайык, 100 млн сом кошумча акча керек. 11-октябрда Министрлер кабинети атайын тескеме менен аталган каражатты бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Эми Жогорку Кеңештин макулдугу керек», — деди БШК мүчөсү Искендер Гайпкулов.

Талкуу маалында депутат Осмон Турдумамбетов парламенттик шайлоого канча каражат керектелээрине кызыкты.

Өз кезегинде Искендер Гайпкулов: «592 млн 350 миң сом каралган», — деп жооп берди.

Ал эми тармактык комитеттин төрагасы, депутат Эмиль Токтошев быйылкы шайлоо бир катар өзгөчөлүктөр менен өтөөрүнө токтолуп: "Талаш-тартыштар жана түшүнбөстүктөр болбошу үчүн калкка маалымат берүү иштерин азыртан баштоо зарыл. Анткени бул өнөктүк өзгөчө талаптар жана шарттар менен өтөөрү бышык",— деди.

Жыйынтыгында тескеменин долбоору колдоо тапты.

Ошондой эле комитет жыйынында пандемия маалында эмгектенген дарыгерлерди колдоо багытында кошумча 480 млн сом бөлүү тууралуу тескеменин долбоору да каралып, жактырылды.

Депутаттар бул маселе кечиктирбестен, кызыл зонада иштеген дарыгерлер тиешелүү акчасын толук алышы керектигин кошумчалашты.

Жогорку Кеңештин

Эң көп окулган жаңылыктар