22:29
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Конгрессте Трампка импичмент жарыялоо сунушталды

Шаршембиде АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын мүчөсү, калифорниялык демократ Брэд Шерман Конгресске президент Трампка импичмент жарыялоо сунушун киргизди.  Бул тууралууу centralasian порталы маалымдайт.

Шерман бул талабын Трамп Орусиянын өткөн жылкы шайлоого ыктымал кийлигишүүсүн иликтөөнү жетектеген ФБРдин директору Комини кызматтан алып, мыйзамды одоно бузгандыгы менен түшүндүрдү.

Конгрессмен ФБРдин кызматтан алынган мурдагы директорунун айткандарына шилтеме кылууда. Ал президент өзүнүн улуттук коопсуздук боюнча мурдагы жардамчысы Майкл Флинндин Орусиянын өкүлдөрү менен болгон байланыштарын иликтөөнү токтотууга аракет кылганын айткан.

Бул Трамптын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу алгачкы мыйзам чегиндеги формалдуу демилге. Учурда аны болгону эки гана конгрессмен колдоп жатат. Демократтардын жетекчилиги муну өз убагында жасалган кадам деп эсептебейт. Анткени импичмент сунушун төмөнкү палатанын көпчүлүк мүчөсү колдоп бериши керек. Бирок азыр анда республикачылар 46 добуш артыкчылыкка ээ. Оппозиция буга альтернатива катары Конгресске көз карандысыз комиссия түзүп, ага шайлоо өнөктүгү маалында Трамптын командасы менен Кремлдин ортосунда байланыш болгон-болбогонун аныктап чыгууну тапшырууну сунуштап жатат.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Хакаби-Сандерс калифорниялык демократтын сунушун «анык келесоолук» деп мүнөздөдү.

Эң көп окулган жаңылыктар