17:05
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ашхабадда студенттерди күнүнө тоого чыгууга мажбурлашууда

Ушул күндөрү Ашхабаддагы жогорку окуу жайлардын студенттери 8 жана 12 чакырымга созулган «Ден соолук жолу» деп аталган жалгыз аяк жол аркылуу жапырт тоого чыгып жатышат. Бул жыл сайын Түркмөнстандын мамлекеттик ишканалары тарабынан уюштурулуп келген салттуу массалык акция болуп эсептелет.

«Тоого чыгуу үчүн белгиленген убакытта чогулушу керек болгон студенттер таңкы саат 4тө турууга мажбур болуп жатышат. Ал маалда коомдук транспорт иштебегендиктен алар жолдун башталышына чейин такси менен барышат. Бул студенттердин көбү үчүн бир топ чыгаша» - деп билдирди «Азаттыктын» түркмөн кызматына Мердан аттуу ашхабаддык студент.

Жалгыз аяк жолдун жалпы узундугу 36 чакырымды түзөт, эң жогорку чеги деңиз деңгээлинен 1000 чакырым бийиктикте жайгашкан. Иш-чара катышуучуларынын айтымдарында, жол аркылуу тоого чыгуу өзгөчө жай мезгилинде өтө оор.

«Мисалы, сегиз чакырымдык жолдун көпчүлүк бөлүгүндө күн тик тийет, көлөкө жок. Эс-учун жоготуп жыгылган же кайра артка кайтууга аракет кылган студенттер болот. Бирок алар мугалимдердин катуу көзөмөлүндө. Жолдун аягына чейин жете албаган студенттерге түрдүү эскерүүлөр берилет», - деди иш-чаранын катышуучуларынын бири.

Эң көп окулган жаңылыктар