11:54
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Zanoza сайты президентке 24 миллион сом төлөп бериши керек

Zanoza сайты президентке 24 миллион сом төлөп бериши керек.  Интернет басылма Башкы прокуратура аларга каршы берген 5 доо арыз боюнча утулду.

Акыркы боюнча бүгүн Октябрь райондук сотунда чечим кабыл алынды. Сот интернет басылма жана «Ата-Мекен» партиясынын юристтери президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр баркына шек келтирди деп бүтүм чыгарды. Сайт өлкө башчысына 3 миллион, юристтер 10 миллион сом карыз.  

Белгилей кетсек, бул доо арыз партиянын юристтеринин «Боинг 747» учагындагы жүккө байланыштуу. Партиянын өкүлдөрү аталган учактагы жүк Алмазбек Атамбаевге тийиштүү деп жарыялашкан.

Эскерте кетсек, 3-июнда Октябрь райондук соту Кымбат Архарова Чолпон Жакупова менен интернет сайттын негиздөөчүлөрү Нарын Айып жана Дина Масловага каршы арызды канааттандырган. Мында сайт 9 миллион сомго утулган.

Ошол эле күнү Октябрь райондук сотунда дагы бир доо арыз Башкы прокуратуранын пайдасына чечилген. Ал доого Нарын Айыптын Жазуучулар союзундагы шылуундуктар боюнча макаласы себеп болгон. Нарын Айып 3 миллион, сайт 3 миллион сом төлөшү керек.

3- июлда дагы эки арыз боюнча Zanoza сайты күнөлүү деп табылып, бул иштердин алкагында 9 миллион сом мойнуна илинген. 

Эң көп окулган жаңылыктар