00:53
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

«Ата Мекен» партиясынын юристтери сотко катышуудан баш тартты

«Ата Мекен» партиясынын юристтери Башкы прокуратуранын аларга жана Zanoza.kg сайтына каршы доо арызын караган сотко катышуудан баш тартты. Бул тууралуу «24.kg» агентигине партиянын юристти Канатбек Азиз билдирди.

Анын айтымында, ал кесиптеши Таалайгүл Токтакунова экөө соттун акыйкаттыгына ишенишпейт. Октябрь райондук соту Болот Абдуллаев партиянын юристтеринин бир дагы сунушун кабыл албай чечим чыгарууга кызыкдар эместигин билдирди.

«Бизге соттук иштин жыйынтыгы даяр экени баарыбызга белгилүү. Азыр шоу болуп жатат», — деди Канатбек Азиз.

Эскерте кетсек, партиянын юристтери «Боинге-747» учагындагы жүккө Алмазбек Атамбаевдин катышы бардыгын жарыялаган маалымат жыйындан кийин Башкы прокуратура аларды сотко берген.

Эң көп окулган жаңылыктар