19:03
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Американын Кыргызстандагы элчиси Шейло Гуолтни кызматынан кетет

Американын Кыргызстандагы элчиси Шейло Гуолтни кызматынан кетет. Бул маалыматты АКШнын Кыргызстандагы дипломатиялык корпусунан такташты. 

Алардын айтымында, Шейло Гуолтнинин отставкасы тууралуу маалымат элчиликтин кызматкерлери үчүн дагы күтүүсүз болду.  Себеби азырынча белгисиз.

Элчи өзү отставкага кетип жатканын кечээ Американын көз карандысыздыгын белгилөө аземинде билдирди.

«Өлкөмө 33 жыл кызмат өтөгөндөн кийин мен мекениме кайтып, Кадифорниядагы үй-бүлөм менен болуу чечимин кабыл алдым. Кыргызстанда иштеп калганыма сыймыктанам», — деди Шейла Гуолтни.

Шейла Гуолтни 2015-жылдын 5-августунан бери Кыргызстандын элчиси болуп иштеп жаткан.  

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума