20:30
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Ананьеводогу жарылууда жабыр тарткандардын бири көз жумду

Ананьеводогу жарылууда жабыр тарткандардын бири көз жумду. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине Саламатыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Алардын айтымында, анын денесинин 100 пайызы күйүп калган. Дагы үчөө реанимацияда, абалы туруктуу. Үчөө хирургия бөлүмүнө которулган.

Министрлик бейтаптарды Бишкектеги Жаракат жана ортопедия илимий иликтөө борборуна которууну пландап жатат.

Эскерте кетсек, Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында 19-июнда май куйуучу жайдын жаныдагы газ баллон жарылган. Эки адам жайында мерт кетип, 8 киши жабыр тарткан.

Эң көп окулган жаңылыктар