02:25
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Парламентте жүк ташуучу унаалардан жолдун акысын алууну сунушталды

Парламентте жүк ташуучу унаалардан жолдун акысын алууну сунушталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлайт.

КСДП фракциясынын жыйынында депутат Карамат Орозова негизги канжолдордо унаалардан акы алуу зарылдыгын белгиледи. Ал оор жүк ташуучу автомашиналар жолду бузуп жаткандыгын айтып, аларга өзүнчө акы коюу керектигин айтты.

Бул демилгени фракция лидери Иса Өмүркулов да колдоп, оор жүк ташуучу унааларга карата саясатты түп тамырынан бери өзгөртүүнү сунуштады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын жыйынында жолдорду куруу жана оңдоо чөйрөсүндөгү абал тууралуу маалыматы угулду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума