14:51
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Аялдар түрмөсүндө «таза тилке» пайда болот

№ 2-аялдар түрмөсүндө атайын тилке курулат. Бул тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы кабарлайт.

Алардын айтымында, түрмөнүн аймагында өзүнчө имарат курулуп, анын айланасы тосулат. Ал жерде ичимдик жана маң заттан өз эрки менен баш тарткан соттолгондор кармалат. Аларды социалдык кызматкерлер менен бирге психологдо карашат. Күнөскана ачылып, соттолгон аялдарга эмгектенүүгө шарт түзүлөт.

Жаза аткаруу кызматынын маалыматында, долбоорду Борбордук Азияда баңги заттын таркалышын алдын алуу программасы каржылайт. Курулушка 100 миң евро жумшалышы күтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар