USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Кыргызстанда акыркы эки жылда аборттун саны 20-25 пайызга төмөндөдү

12:23, 27 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда жылына аборт жасаган 2-3 аял набыт болот. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду маалымдады.

Алардын билдирүүсүндө, 2015-жылдан бери бир жылда 20 миң аборт катталат. Акыркы эки жылда,
COVID-19га байланыштуу боюунан алдыруу саны 20-25 пайызга төмөндөдү.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду үй-бүлөнү пландоо жана бойго бүтүүдөн сактануу каражаттарын колдонуу зарылчылдыгын белгилейт.

Улуттук статистикалык комитеттин билдирүүсүндө, Кыргызстанда сактануу үчүн көбүнчө маткага салынуучу спираль колдонулат. Андан кийинки орунда презерватив турат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика