09:37
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Алмазбек Атамбаев биринчи жолу Россияга мамлекеттик сапар менен барат

19-24-июнда президент Алмазбек Атамбаев биринчи жолу Россияга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакожоева маалымдады.

Анын айтымында, сапар эки өлкөнүн алакасынын 25-жылдыгына арналат жана Кыргызстандын ЕАЭБтеги ордун бекемдөө багытында сүйлөшүүлөр болот. Алмазбек Атамбаев Москвада Россиянын жетекчилигинен сырткары, илимпоздору жана мекендештер менен жолугушат.

Иш сапардын жүрүшүндө кол коюула турган келишимдердин ичинен эң бир маанилүүсү — бул эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн жана биримдигин бекемдөө тууралуу документ.

Айтмакчы, президент Москвадан сырткары, Татарстан жана Башкорстандын ордо каалаларында болот.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев буга чейин бир нече жолу Москвага жумушчу сапар менен барган.

Эң көп окулган жаңылыктар