01:36
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Ахматбек Келдибеков: Президенттикке ат салышуума мыйзам жол берет

Ахматбек Келдибековдун пикиринде, анын президенттик шайлоо ат салышуусуна мыйзам толук жол берет. Бул тууралуу ал жергиликтүү сайтка берген маегинде айткан.

Эскерте кетсек, Боршайком жана Жогорку сот «24.kg» агентигине саясатчы азырынча соттолгон болуп эсептелерин жана шайлоого катыша албастыгын билдиришкен. Жогорку соттун айтымында, Ахматбек Келдибековдун соттолгону үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрында гана жоюлат.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Талапкерлерди каттоо шайлоого 45 күн калганда башталат.

Эң көп окулган жаңылыктар