21:40
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Ахматбек Келдибеков президенттик шайлоого катышпай калышы мүмкүн

Ахматбек Келдибеков президенттик шайлоого катышпай калышы мүмкүн. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

БШКнын пикиринде, Ахматбек Келдибеков соттолгондуктан ал талапкер катары катала албайт.

Жогорку сотто Ахматбек Келдибековдун соттолгондугу 2017-жылдын 8-ноябрдан тарта жоюлган болуп саналарын кабарлашты.

«Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун ага 10 миллион сомго айып салуу чечимин колдогон. Чечим 2016-жылдын 13-октябрында чыккан. Ал 2016-жылдын 8-ноябрында аткарылды», — деп түшүндүрүштү Жогорку соттон.

Ахматбек Келдибеков буга чейин эле 15-октябрга белгиленген шайлоого катышарын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар